Буга чейин интернетте “пара албайбыз” деген кичинекей “жол тескөөчүлөрдүн” видеосу тараган. SUPERTV дал ошол кичинекей инспекторлорду “айыпка жыгылган” айдоочу менен жолуктурду.
Видеонун автору Алишер Нургелди уулунун айтымында, ал ошол күнү такси кызматын көрсөтүп жүргөн. «Алдымдагы унааны тосуп жатканын көрүп калдым. Анан видеого тартып алайын деп даярдадым. Акча берсем албай коюшту, мага жакты», — деди ал.
Ал эми видеонун авторунун 50 сомун албай койгон балакай атасы «акча алба» деп үйрөткөнүн айтты. «Сен акча алсаң, соцтармакка видеону жүктөп, «бала акча алат экен» деп жарыялап коюшат деди. Мен пара деген эмне экенин билчү эмесмин. Аны албаш керек экенин билдим. Мен чоңойгондо МАИ болгум келет. Көчөдөгү жол тескөөчүлөргө барып, алар менен учурашып, унаага отурчумун. Бул таякчаны атам 23-февралда сатып берген», — деди ал.