Кечээ, 3-августта боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын алкагында бокс боюнча беттешин жеңип, жарым финалга чыкты.
Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда Жамал Харви аттуу америкалык мушкерге кез келип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңүүчү аталды. Эми анын медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кийинки беттеш 8-августта өтөт.
Ал жеңишинен кийин комментарий берди. «Биз абдан кубанычтабыз. Мындан ары дагы токтобоско аракет кылабыз. Мындын ары да ийгиликтерди буйруган болсун»,- деди ал.
Учурда социалдык тармактарда анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин жан тартып, күйөрмандык кылып жаткан видеосу тарады. Көпчүлүк соцтармак колдонуучулары «машыктыруучусу эмнеге барган эмес?» деген суроо жаралып жатканын жазышууда.
Алгачкы эмгек тренердики.
Тренерлерге кошулуп мен деле өзүмдү сезбей толкунданып кетмейим бар. 🇰🇬
Такие искренние эмоции, спасибо вам за ваш труд. И пусть ваши старания принесут золотую медаль 🏅🏅🏅🙏🙏🙏