Кечээ, 3-августта боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын алкагында бокс боюнча беттешин жеңип, жарым финалга чыкты.
Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда Жамал Харви аттуу америкалык мушкерге кез келип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңүүчү аталды. Эми анын медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кийинки беттеш 8-августта өтөт.
Ал жеңишинен кийин комментарий берди. «Биз абдан кубанычтабыз. Мындан ары дагы токтобоско аракет кылабыз. Мындын ары да ийгиликтерди буйруган болсун», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ийгилик каалайм.Кыргыздын деление желбиреткиле биз сыймыктанган спортчулар.