«Балам, азаматсың!» Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу ага күйөрмандык кылып жаткан видео тарады

Кечээ, 3-августта боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын алкагында бокс боюнча беттешин жеңип, жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмакта чейрек финалда Жамал Харви аттуу америкалык мушкерге кез келип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңүүчү аталды. Эми анын медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кийинки беттеш 8-августта өтөт.

Ал жеңишинен кийин комментарий берди. «Биз абдан кубанычтабыз. Мындан ары дагы токтобоско аракет кылабыз. Мындын ары да ийгиликтерди буйруган болсун»,- деди ал.

Учурда социалдык тармактарда анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин жан тартып, күйөрмандык кылып жаткан видеосу тарады. Көпчүлүк соцтармак колдонуучулары «машыктыруучусу эмнеге барган эмес?» деген суроо жаралып жатканын жазышууда.