Жарандык активист Эртай Искаков социалдык баракчасына балдар аянтчасында болгон окуянын видеосун жүктөдү. Видеого ылайык, эки жаш бала уруша кеткенде биринин атасы делген эркек киши келип баласына болушуп мушташтырып карап турат. Балдарды ажыраштырганы келген кызды эркек түрткүлөп, кол көтөргөн.