Эмне үчүн күйүүчү май кымбаттап жатат? Президенттик администрациянын түшүндүрмөсү
"Америка менен Израиль Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери дүйнө жүзүндө газ жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттады. Бул көрүнүш биздин өлкөгө дагы түз таасирин тийгизүүдө". Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.
"Мурда согуш башталганга чейин Россиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келсек, учурда анын баасы орточо 950 доллар. Ал эми дизель отунун мурда тоннасы болжол менен 700 доллар болсо, азыр 1200 доллардан ашты.
Айрым жарандарыбыз “эмне үчүн кошуна Казакстанда күйүүчү май арзан да, бизде кымбат?” деген суроону берип жатышат. Мунун негизги себеби — Казакстанда ири нефть ресурсу бар, өздөрү өндүрөт жана күйүүчү май мамлекет тарабынан субсидирование болот. Башкача айтканда, мамлекет каржылап өз эсебинен бааны төмөн кармап турат. Бизде дагы ушундай эле практика электр энергия тармагында колдонулат. Мисалы, Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк баасы 3 сом 7 тыйын болсо, элге 1 сом 64 тыйындан берип жатабыз. Ортодогу айырманы мамлекет субсидирование кылат. Казакстан дагы күйүүчү май боюнча ушундай жолду колдонуп келет. Эгер Кыргызстанда ири нефть запастары болгондо, биз дагы элге күйүүчү майды арзаныраак бермекпиз. Ошондуктан өзүбүздө жок ресурстар үчүн бири-бирибизди күнөөлөп наалыбай, маселеге реалдуу карайлы.
Ошол эле учурда мамлекет өзүбүздүн нефтини өндүрүп, кайра иштетүү багытында активдүү иштерди жүргүзүүдө. Учурда “Кыргызнефтегаз” жана “Джунда” нефть кайра иштетүүчү заводдорунда модернизация иштери кызуу жүрүп жатат. Бул заводдор жаңылангандан кийин евростандартка жооп берген сапаттуу күйүүчү май өндүрүлө баштайт", - деп жазылат билдирүүдө.