Балбак Түлөбаев: «Жол кирени кымбаттатууну жакында чечип беребиз»

Бүгүн, 18-январда саат 7ден тартып Бишкек шаарында маршруттук таксилердин баары болбосо да, көбү каттамга чыккан жок. Кыштын суугунда таң эртеден жумушка бармак болгон тургундар сааттап жолдо калышты. Буга кошумча борбор калаадагы мектептердин 1-, 5-, 9-, 11-класстардын окуучулары да бүгүнкү күндөн тартып кадимки окууга кайтышмак.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу иш таштаган маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылды. Анын айтымында, айдоочулардын көйгөйүнөн шаардын бийлигинин кабары бар жана бул маселени чечүүгө 1-2 ай убакыт керек. «Жети жылдан бери тарифти көтөрө элекпиз. Биз элдин акыбалына жараша  тарифти көтөрүп берүүгө даярбыз. Силердин каттамга чыгууңуздарды өтүнөм. Эгерде чыкпасаңар ал каттамдарга башка маршруттук таксилерди чыгарууга мажбур болом», — деп билдирди ал.

Кечээ Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштоону пландап жатышканын маалымдаганбыз. Буга байланыштуу Бишкек ШИИББи коомдук транспорттордун айдоочуларына карата жумушка чыкпоо, жол тыгындарын жаратуу жана чагымчыл чакырыктар тарап жатканы боюнча кайрылуу жолдогон эле. Өткөн аптанын башында маршруттук таксилердин айдоочулары 2012-жылдан бери көтөрүлө элек коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. “Эгерде талабыбыз 15-январга чейин аткарылбаса, анда каттамга чыкпайбыз” дешкен эле алар. Буга Бишкек мэриясы айдоочулар иш таштай турган болсо, анда алардын лицензиясын чакыртып алууну көтөрүшөрүн билдирген.