Балбан Жоламан Шаршенбековдун туу тууралуу пикирине бийлик өкүлдөрү кандай реакция кылышты?

Кечээ, 21-декабрда грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы чыгып, мындан аркы таймаштарга дагы дал ушул желектин астында чыга турганын билдирген болчу.

Буга карата УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жогорудагы билдирүүгө улай комментарийи жарыяланып, бирок кийин ал өчүрүлдү. Анда «Бир дагы спортчунун эч бир расмий мелдешке мамлекеттик желексиз катышууга укугу жок, аракет кылып эле көрсүн. Мыйзам кабыл алынды жана биз ага баш ийүүгө милдеттүүбүз» деп жазылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин комментарийинен кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да өз пикирин жазды.

Андан ары президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасына кенен билдирүү жазды. «Мамлекет спортчуларга көңүл буруп, үй жана машина берип, эң жогорку сый-урматты кылып келе жатат. Алардын жеңиштери намыс алып келгенин баалайм. Бирок ушул спортчулар, маданият өкүлдөрү, акын-манасчылар мамлекеттин саясатына аралашпай эле койсо! Азыр туу маселесинде бир спортчубуз “мен жаңыны көтөрбөйм” деп айтыптыр. Башкы символиканы сыйлабаса, ага жараша мамлекеттен жообун алат», — деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Буга удаа эле президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жообунан улам даярдалган видеого карата «Мамлекеттин колдоосун алып, сыйын көрүп кайра саясатка мурдун тыгып бузукулук кылгандарга жооп» деп билдирүү бөлүштү.

Соңунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармакта талкуу жараткан билдирүүнүн ээси Жоламан Шаршенбековго байланышканын кабарлады. «Жоламан Шаршенбеков далай жеңиштерге жетип, кыргыз туусун көтөрүп, тууну карап ураан ырды ырдап, 7 миллион кыргызга эмоция тартуулаган балбан катары туу боюнча айтканы — ал тууну сүйгөнү», — деп жазылат билдирүүдө.