Бүгүн, 17-апрелде Олимпиаданын коло медалынын ээси Үзүр Жузупбеков окуп кеткен Талас облусунун Талас районундагы Жон-Арык айылында жайгашкан Акматбек Нуржанов атындагы мектепке барды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине класс жетекчиси болгон Нуриза Качкеева билдирди.
Анын айтымында, балбан мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип, окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берген.