Ушул жылдын башынан бери Бишкек шаарында балдарга карата 103 зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
«Негизинен зордук-зомбулук начар үй-бүлөдө катталат. Ар бир үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүлөт. Ишке жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор, социалдык кызматкерлер, психологдор жана башка адистер тартылып жатат. Көйгөйлөрдү чечүүнүн башка жолу жок болсо, баланы алып кетишет. Бирок биздин иш үй-бүлөлөрдү оор абалдан чыгарууга багытталган», — деди ал.
«Көбүнчө зордук-зомбулукка кабылган мигранттардын балдары, алардын ата-энелери жумушка кетип, балдарын туугандарына ташташат. Бул биздин тажрыйбабыздан алынган маалымат. Биз алдын алуу боюнча негизги иштерди жасаганга аракет кылып жатабыз», — деп кошумчалады Ленин РИИБдин башчысы.