Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана ЮНИСЕФ Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын абалына анализ жүргүздү

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту жана ЮНИСЕФ өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоо максатында Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана өспүрүмдөрдүн абалына ситуативдик талдоо жүргүздү.

Мамлекеттик кызматкерлер, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген жарандык коом уюмдары, майыптыгы бар балдар, алардын ата-энелери жана жеке сектор үчүн отчеттор онлайн жана оффлайн режиминде берилип турат. Изилдөөнүн жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана өспүрүмдөргө сапаттуу жана инклюзивдүү кызмат көрсөтүүдө тоскоолдуктар жана ошондой эле анын саясатын иштеп чыгып, ишке ашырууда кыйынчылыктар аныкталган.

Отчетто потенциалды жогорулатууга жана инклюзивдүү кызмат көрсөтүүгө басым жасоо менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана жарандык коомго тийиштүү саясатты иштеп чыгуу үчүн далилдер базасы жана сунуштар берилген. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова алынган анализ президенттин жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына киргизилгенин белгиледи.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары боюнча конвенцияны ишке ашыруу боюнча жол картасы да иштелип чыгууда. Ситуациялык анализ Министрлер кабинетине тиешелүү саясатты иштеп чыгуу жана кызмат көрсөтүү үчүн далилдерди жана сунуштарды берет. Ал ошондой эле жарандык коом уюмдарын жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын ишке ашырууда Өкмөткө колдоо көрсөтүүгө багыттоого чакырат.