«Балдардын өмүрү үчүн жооптуу экениңизди унутпаңыз». Мэрия ата-энелерге кайрылат

9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик билим берүү документтерин тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаранын алдында билим берүү уюмдарынын директорлору менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Жалпы орто билим жөнүндө аттестаттарды тапшыруу салтанаттуу иш-чаралары 21-июнда саат 9:00дө 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн, 23-июнда саат 9:00дө 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн өткөрүлөт. Билим берүү министрлигинин буйругу менен мектеп аянтчасында, оюн-зоок жайларында жана башка коомдук жайларда кечки жана түнкүсүн бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынган. Жалпы билим берүү уюмунун аймагында мектеп окуучуларынын коопсуздук чараларын көрбөгөн жана укук бузуулардын алдын албаган, ошондой эле акча каражаттарын чогултууга жол берген мектеп жетекчилерине, класс жетекчилерге жана мугалимдерге тартиптик жаза чаралары көрүлүп, ээлеген кызматынан бошотулат.

2022-2023-окуу жылында борбор калаанын мектептеринде 188 958 окуучу окуу жылын аяктаса, анын 15 688и 9-классты, 8111и 11-классты аяктаган. Республика боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик “Алтын тамга” аттестациясынан 167 окуучу өтүп, анын ичинен Бишкек шаары боюнча 76 окуучу артыкчылык аттестат алуу укугун тастыкташкан (анын ичинен 55и муниципалдык окуу жайлардын, 21и жеке менчик мектептердин окуучулары). Республика боюнча өзгөчө үлгүдөгү «Алтын тамга» аттестаттарынын ээлеринин 33 пайызын борбордогу мектептердин окуучулары түзөт.
«Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздын өмүрү жана ден соолугу үчүн жооптуу экениңизди унутпаңыз! Аттестаттарды салтанаттуу тапшыруу аяктагандан кийин балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн көзөмөлдү камсыз кылууну суранабыз», — деп жазылат маалыматта.