Балдарына өз атын берген эненин иши Октябрь райондук сотуна өттү

Балдар жазуучусу Алтын Капалованын үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген иши боюнча соттук процесс Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Капалованын жактоочусу Евгения Крапивина жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 17-мартта Свердлов райондук сотунда сот отуруму болуп, анда сот Капалованын ишин Октябрь райсотуна өткөрүп берүү чечимин чыгарган. Себеби Алтын Капалова азыркы тапта Октябрь районунда жашайт.

Ошондой эле жактоочу сот ордун алмаштыруу иши 10 күн болоорун айтып, соттук процесс эки жумадан кийин гана башталарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин жарандык активист, балдар жазуучусу Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген. Анын мындай кадамын Мамлекеттик каттоо кызматы мыйзамсыз деп таап, Капалованы сотко берген. Энесинин аты менен берилген документтерди жокко чыгарууга байланыштуу соттук териштирүү 25-февралда Свердлов райондук сотунда белгиленген. Бирок андан кийин судьянын жүйөлүү себептери болуп Капалованын иши эки жолу башка күндөргө жылып, ушул күнгө чейин каралбай келет.