Бүгүн, 9-июль күнү болжол менен саат 10:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Тоң районунун аймагындагы кокту-колоттордон сел жүрүп, Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптаган. Сел айланма жолго салынган темир-бетон шакекчелерди жууп кетип, жол каттамы убактылуу жабылган.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн жерине Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл аймактын, №33 жол тейлөө ишканасынын, Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын, ошондой эле райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу чыгып, тиешелүү иштерди жүргүзүштү.
Жолду тазалоо жана убактылуу жол каттамын ачуу иштерине «Арек-Строй» жол куруучу компаниясынын 3 Хово унаасы, 1 погрузчик, 2 эксковатор жана 1 кран техникалары тартылып, жолду ачуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Учурда унаа каттамдары толук кандуу жандандырылып, жол ачылды.