Тогуз-Торо районунун Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна таш көчкү түшүп, убактылуу унаалардын өтүүсүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев чукул жыйын өткөрүп, тийиштүү тармактын жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Мындан улам айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү тазалоо иштерине тосколдук жаратпоого чакырат. Кырдаалга байланыштуу Казарман айылынан жана Жумгал району тарабына посттор коюлуп, райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөлдөйт жана унаалардын бардык түрүнө өтүүгө тыюу салат.
Учурда жолду тазалап, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган унаа жолдо таш көчкү түшүү коркунучу болгондуктан убактылуу жол сапарына чыкпоону эскертет.
Буга чейин 25-август күнү Казарман-Жумгал унаа жолунун 45-чакырымында болжолдуу таш кулап, жол жабылган. Учурда райондук Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан көчкү тазаланып, жолду ачуу иштери уланууда.