Балыкчыда дайынсыз болуп, табылган уулун энеси үйүнө киргизбей койду

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон өспүрүмдү табышты. Бирок баланын энеси аны үйүнө киргизүүгө каршы болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

1-декабрь күнү Балыкчы шаарынын тургуну Фейсбук баракчасында анын өспүрүм баласы лицейден чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат жарыялаган. Ошол эле маалыматында, эгерде милиция баласын аман эсен таап беришпесе, аларга карата чара көрөрүн дагы билдирген. Ошол эле учурда, аталган маалыматты жарыялаган аял баласы дайынсыз жоголуп кеткендиги жөнүндө арыз менен Ысык-Көл РИИБге да, Балыкчы ШИИБге да кайрылган эмес.

Социалдык түйүндө жарыяланган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издеп табуу боюнча издөө иштери башталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө, 15 жаштагы өспүрүм Балыкчы шаарында энеси менен чогуу жашап жүргөнү, сентябрь айынан баштап, Ысык-Көл районунда орун алган лицейинин биринде 1-курста окуп, ошол эле окуу жайынын жатаканасында жашап жүргөндүгү белгилүү болгон. Андан тышкары, август айында да өспүрүм үйүнөн кетип калгандыгын жана милиция кызматкерлери аны Бишкектен таап келишип, энесине кайтарып беришкени аныкталган.

Окуу жайындагы видеокөзөмөлдө камераларын караган учурда өспүрүм саат 14:30 чамаларында жалгыз лицейдин аймагынан белгисиз тарапка чыгып кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында, өспүрүм 2-декабрга караган түнү Балыкчы шаарынан аман-эсен табылган. Дайынсыз жоголгон баланы энесинин үйүнө алып келгенде, энеси баланы үйүнө киргизбей, кайра окуу жайына алып кетишин талап кылган. Жагдайга байланыштуу милиция кызматкерлери өспүрүмдү окуу жайына алып келишип, социалдык педагогдун көзөмөлүнө өткөрүп беришкен. Учурда Ысык-Көл РИИБ тарабынан тийиштүү иш кагаздары райондук балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна жиберилди.