Балыкчыда түнү катуу шамал катталды

Бүгүн, 30-март түнү саат 01:50дө Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жеринде ӨКМдин кызматкерлери иш алып барып, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.