Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Таштан Иманов Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты.
Ал 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жолго чыккан. Бүгүн, 10-августта велосипед менен көл аймагын ийгиликтүү тегеренип, Балыкчыга кайтып келди.