Банктарда накталай доллар жок же аларды сатып алууга чектөөлөр болуп жатканы маалым болду

Кыргызстандын коммерциялык банктары накталай долларды сатып алууга чектөө киргизген же аларда доллар жок болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Сурамжылоонун жүрүшүндө көпчүлүк банктарда 300 доллардын чегинде гана сатып алууга болору белгилүү болду. Кээ бир банктар бааны койгону менен учурда доллар жок экенин билдиришкен.