«Бала менден эмес, анализ тапшырам». Күйөөсү ойношу менен жатканын айткан келиндин жолдошу өз чындыгын бөлүштү

Буга чейин редакциябызга Мадина Казакбаева аттуу 27 жаштагы келин кайрылган эле. Өзүн томолой жетиммин деген ал 2 айлык баласын колго алып, башынан өткөн окуяларды айтып берген. Анын айтымында, жаш келин убагында жолдошу менен «Дыйкан» базарынан таанышкан. 3 күн сүйлөшкөндөн кийин ал Мадинаны ала качып кеткен. Анын барар жери жок болгондуктан, ала качкан жигит менен жашоого мажбур болгондугун жана ар кандай мазактоолорго туш болуп, күндөшү менен чогуу жашаганга да туура келгендигин айтып берген.

Ал эми келиндин күйөөсү Абдырахман аттуу мырза Мадина Казакбаеванын айткандарынын баары  жалган жалаа экенин айтып, аялдын колундагы кызы анын баласы эмес экендигин, анализ тапшыраарын да кошумчалады. “Калп сүйлөгөнү туура эмес. Ал мага чейин 2 эрге тийип келип, 2 айлык боюндагысы менен келген. Мен аны көрүп, ичим ачышып үйгө алып келгем. Боюнда бар кезде ичип алган күндөрү да болуп, ооруканага чейин алып барып, эки күн бою карап, ошол жакта жүргөм”, — дейт Мадина Казакбаевнын жолдошу.

Ошондой эле карантин учурунда үйдөн качып, башка адамга турмушка чыгып алгандыгын да айтып берди. “Мен мал карап жүргөндө, качып кеткен. Кайсы адамга турмушка чыкканын да далилдеп бере алам. Бала менден эмес. Азыр барып анализ тапшырам”, — деди ал.