Бүгүн, 9-май күнү борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун, оруктун ардагерлери, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Алгач Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилип, “Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюулду. Андан соң борбордук аянтта Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган чыгармачыл топтордун, эстрада ырчыларынын, көркөм чыгармачылык жааматтарынын катышуусунда театралдык, маданий концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын алкагында Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында ардагерлер үчүн «Аскердик талаа ашканасы» уюштурулуп, сый-тамак тартууланды.
Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 миң 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө Ош шаарында согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 1, ооруктун 5 ардагери жашайт.
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...