«Бардык шарты бар». Баткендеги чек арачыларга үйдүн ачкычы тапшырылды

Баткен облусунда 2021 жана 2022 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Лейлек районунун Кулунду айылында «Кулунду» чек ара заставасынын комплексинин курулушу аягына чыгарылып, офицердик курамга каралган үй жана казармалык жайлар толук реконструкцияланган. Кечээ, 14-сентябрда чек арачылардын үй-бүлөлөрү эки жана үч бөлмөлүү бардык шарты каралган батирлердин ээлери болушту. 48 батирлүү турак-жай эксплуатацияга берилди. Бул объект болжол менен 300 чарчы болгон аянтты камтып, анда спорт зал жана балдарды кошумча окутууга мүмкүн боло турчу жайлар каралган. Кызматтык батирлер зарыл болгон тиричилик техникалары менен жабдууланып, заманбап оңдоп-түзөөлөр жүргөн. Кулунду жана Төрт-Күл айылдарындагы объекттердин курулушу республикалык бюджеттен каржыланды.

Камчыбек Ташиев чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө ачкычтарды тапшырып жатып ар бир аскер кызматчынын кызматы маанилүү экендигин баса белгиледи. «Эл силерге мамлекеттин коопсуздугун жана бүтүндүгүн табыштады. Баткен облусунда гана эмес, Кыргызстанда жана, дегеле, Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтык жана жай турмуш силердин ар бириңерден көз каранды. Ошону менен катар мамлекет жетекчилиги силерден кынтыксыз кызмат кылууну гана талап кылбастан, чек арачылардын социалдык маселелеринин өз убагында жана сапаттуу чечилишине өзгөчө маани берүүдө», — деди ал.