Барскоон – Бедел эл аралык автожолунда эң ири тоннелдердин курулушунун башталышына старт берилди

27-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунда Барскоон – Бедел эл аралык автожолунда өлкөдөгү эң ири эки тоннелдердин курулушунун башталышына расмий түрдө старт берди.

27-августта Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктуна алып барчуу Барскоон – Бедел маршрутундагы автожолдун курулушуна президент Садыр Жапаровдун катышуусунда старт берилген. Ага ылайык, Барскоон – Бедел автожолун куруудагы негизги объекттерге кирген “Сөөк” жана “Ашуу-Суу” ашууларында эки тоннелди куруу иштери башталды. “Сөөк” ашуусунда курула турган тоннелдин узундугу 5 340 метрди, ал эми “Ашуу-Суу” ашуусундагы тоннелдин узундугу 3 840 метрди түзөт. Бул өлкө тарыхындагы эң узун жана техникалык жактан татаал тоннелдерден болуп калат.

Бакыт Төрөбаев курулуш иштери президенттин түз тапшырмасы менен башталганын белгиледи. “Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров так жана ачык талап койду. Ошол себептүү, курулуш иштери кечиктирилбей, белгиленген мөөнөттө жана сапаттын эң жогорку стандарттарына жооп берген шартта жүргүзүлүшү керек”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары, Барскоон – Бедел автожолунда көпүрөлөрдү, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел жүрүүдөн коргоочу тосмолорду куруу каралган. Ошондой эле, жол жүрүүчүлөргө керектүү объекттер да курулат. Жолдун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт. Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Барскоон – Бедел автожолунун жалпы маршруту боюнча жүрүп жаткан иштерди көзөмөлдөп, курулуштун ылдамдыгы жана сапаты боюнча тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди.

Бүгүнкү күнү курулуш иштерине 287 адис жана жол курууга багытталган 162 атайын техника жана жабдуулар тартылган. Ошондой эле куруучулар үчүн бардык шарттары каралган 4 лагерь курулду. Бул көрсөткүчтөр долбоордун жүрүшүнө жараша күн сайын өсүп, курулуштун масштабын дагы да кеңейте берет. “Барскоон – Бедел” эл аралык автожолу өлкөнүн транспорттук байланышын өнүктүрүүдөгү негизги элементтердин бири. Тоннелдердин курулушу убакытты үнөмдөөгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргызстанды аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары чыңдоого өбөлгө түзөт.