SUPERTV’нын кезектеги каарманы 31 жаштагы Наргиза Токтогон кызы. Ал эки баланын энеси. Келин кайненеси тарабынан «кедейдин кызысың», «сенин үй-бүлөң жаман адамдар» деген кемсинтүүлөргө, атүгүл кол көтөрүүлөргө дуушар болгонун айтат. Мындан улам, ал эки баласын алып, борборго келе берген.
Анын айтымында, келин жолдошу, кайненеси тарабынан зомбулукка кабылып, ур-токмок жеп ооруканада жаткан күндөрү да болгон. «Бир жолу үйдө уруш чыкты. Мени колуман сүйрөп чыгып коюшту. Дарбазаны, үйдүн эшигин илип алып, мен эшикте калып калдым. Кыш болчу. Бутумда үйгө кийген бут кийим болчу, үстүмдө курткам жок көчөдө үшүп турдум. Жолдошум үйдө жок болчу. Ал шаарга ооруканага кеткен»,- дейт ал.
Ал күйөөсүнөн кордук көрүп эмес, кайненесинен кордук көрүп, үй-бүлө бузулганын айтат. «Кайненем жашаткан жок. Азыр жолдошум балдарына чалыш үчүн апасынан уруксат алат. Балдарын көргөнгө деле келбейт. Ата-энем да жок. Улуу эжем өзүнүн түйшүгү менен жүрдү. Мен ага чалып деле арызданчу эмесмин. Кайненем мени теңине албай койду»,- дейт эки баланын апасы.