Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктар жөнүндө айтканы боюнча текшере баштады

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин таластыктар жөнүндө айтканы боюнча текшере баштады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине прокуратурага арыз менен кайрылган журналист Акылай Маратова билдирди.

«Башкы прокуратура тийиштүү башкармалык тарабынан текшерүү башталганын билдирди. Расмий жооп 14 иш күнүндө берилет экен»,- деди ал.

Буга чейин журналист Акылай Маратова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн Башкы прокуратурага арыз жазганын билдирген. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-ооруканага барып, эмгек жамаат менен сүйлөшүү учурунда «ал да аферист, ал да таластык» жана «башкы дарыгер кызматына таластык эмести дайындаш керек, пол жууганына чейин таластыктар экен» деген сөздөрдү айткан учурда тартылган видео тараган. Кийинчерээк министр айтылган сөздөрү үчүн кечирим сураган.