УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен айыпталган Арстан Абдылдаев (Арстан Алай) Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып, Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 21-мекемесинде кармалган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
28-декабрда Арстан Абдылдаев ден соолугуна даттангандыктан, ЖАКнын 21-мекемесинин дарыгерлеринин жолдомосу боюнча ЖАКнын 31-мекемесинин аймагында жайгашкан борбордук ооруканасына медициналык текшерүү жана дарылоо үчүн которулган. Аталган 31-мекеменин терапия бөлүмүндөгү палатага Арстан Абдылдаев жалгыз өзү жайгаштырылып, тийиштүү медициналык дарылоодон өтүп жаткан. Алгачкы текшерүүдө аныкталгандай, Арстан Абдылдаев 5-январга караган түнү электр чайнектин зымын (шнур) сүлгүсү менен байлап ашкананын тамактануучу бөлмөсүндө асынып алган. Ал эми анын асынган абалдагы денеси 5-январда таңкы саат 05:15 чамасында табылган.
Ошондой эле, денесин кароо жүргүзүү учурунда, маркумдун моюнунда зымдын изинен башка криминалдык күч колдонгон башка жаракаттары бар экендиги аныкталган эмес. Арстан Абдылдаевдин өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары жүргүзүлүүдө.
Жогорудагы жагдайлар боюнча, Башкы прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын кыймыл аракеттерине карата юридикалык баа берилет.