Бүгүн, 24-февралдагы жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев Кореяда жашаган Кыргыз жарандарынын арасында соттолгондордун санына кызыкты.
Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев: «Азыркы тапта 2 кыргызстандык жазасын өтөөдө. Ал эми бир жаран жазасын өтөп, чыгарылган», — деди.
Депутаттын айтымында, Кореяга да иштөө үчүн кеткен көптөгөн Кыргызстандын жарандары бар. Аларга элчилик да жардам берип, колдоо көрсөтүшү керек.