Башкы прокурор Ак калпак майрамы менен өзгөчө куттуктады

Башкы прокурор Курманкул Зулушев социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөп, кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады.

Сүрөттөн көргөндөй, прокуратура кызматкерлери жетекчиси менен кошо ак калпак кийип барышкан.

«Улуттук көркөм дөөлөттөрүбүздүн көрөңгөсү, аталарыбыздын асыл мурасы — Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм! Башыбыздан ак калпагыбыз түшпөй, элибиз аман, журутубуз бүтүн болсун», — деп жазды ал.