Башкы прокурор жаш кезинде административдик жоопкерчиликке тартылганын айтты

Башкы прокурор Максат Асаналиев жаш кезинде административдик жоопкерчиликке тартылганын айтты.

Парламенттин 16-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев “Сиз административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылдыңыз беле?»,- деген суроо берди. 

«Кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмесмин», — деп жооп берди Асаналиев.

«Административдик жоопкерчиликчи?» — деп сурады депутат.

«Жаш кезимде айдоочулук күбөлүк жок унаа айдап, айып төлөгөм», — деп жооп берди Башкы прокурор.