Курманкул Зулушев Адахан Мадумаровдун иши боюнча комментарий берди

«Адахан Мадумаровдун иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат». Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз тарап Тажикстандан 5 гектар, узундугу 275 метр жер тилкесин ижарага алып жаткандыгы тууралуу протоколго кол койгон. «Адахан Мадумаров эки жолу чек ара маселеси боюнча жыйынга барган. Мындан тышкары, транспорт министри Нурлан Сулаймановдун буйругу менен жыйындар өткөрүлгөн. Биз азыр бул документтерге юридикалык баа берип жатабыз. Айыпталуучулардын бардыгы суракка алынууда», — деди башкы прокурор.