Жарандык активист Улан Үсөйүн: «Бизге карата куугунтук болуп жатат»

Бүгүн, 27-февралда “Баштан башта!” жарандык активисттик кыймылы аларга карата куугунтук болуп жатканын жазып чыкты.  Кыймылдын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына “Ачык куугунтуктоо башталды!” деген билдирүү жарыяланды. Анда кыймыл Бишкекте уюштурган иш-чарасына күч кызматкерлери катышууга аракет кылышканын сынга алды:

“Кечээ биз интенсивдүү курс өткөргөн мейманкананын фойесинде атайын кызматтын кызматкерлери отурушкан. Алар ал жерде бир топ убакыт болушту да, акырын кетип калышты. Ал эми бүгүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери тренинг өтүлүүчү бөлмөгө кирип, угуп отурууну суранышты. Биз укук коргоо кызматынын элди коргоого багытталган иштерин колдойбуз. Тынчтык жүрүштөрдө алар ар дайым чагымга жол бербөө үчүн бизди коштоп жүрүшөт. Бирок бүгүнкү окуяны саясий себептерден улам биздин активдүү жарандык позициябыз үчүн куугунтуктоо деп эсептейбиз»,- деп жазылат жарыяланган постто.

Кыймылдын жетекчиси, жарандык активист Улан Үсөйүн Сания Токтогазиевага психологиялык басым жасоо аракеттери биздин укуктарыбыздын жана эркиндиктерибиздин бузулушу деп эсептейбиз!” деп кошумчалады. Ошондой эле уюмдун иши тууралуу бардык маалыматтар ар дайым ачык экенин белгиледи.

Укук коргоо органдары кыймылдын бүгүнкү билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Улан Үсөйүн баштаган “Баштан башта!” кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келет.

Эскерте кетсек, жарандык активист, юрист Сания Токтогазиева өзүнө карата кысым болуп жатканын, белгисиз адамдар өзүн укук коргоо органдарынын өкүлүбүз деп тааныштырып, ал жашаган жерге издеп барганын жазып чыккан эле.