Баткен облусунун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү

Баткен облусунун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

10 тез медициналык жардам бригадасы, кан жана компоненттер даярдалган. Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жана Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан дагы бир бригада келди. Ошондой эле Ош облусунан да дарыгерлерден турган эки бригада келе жатат.