Баткен облусунун Радар жерлигинде эки өлкөнүн делегациялары жолукту

14-сентябрь cаат 16:20да Баткен облусунун Радар жерлигинде Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү, эки республиканын укук коргоо органдарынын бөлүм башчылары, күч түзүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын жетекчилери катышууда. Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндегы кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турууда.