Abank_oct
SerepTV Logo

Баткен округу: БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Бактияр Калпаевди депутат деп тааныды

Баткен округу: БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Бактияр Калпаевди депутат деп тааныды

3-майда Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктады.

​Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 миң 379 шайлоочу киргизилген. ​№2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 10 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 10 талапкер катышты.

​Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 8 арыз жана даттануу түшкөн. ​Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды жана алар боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

​Баткен округдук шайлоо комиссиясынын 1-майдагы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 28-апрелде 28 миң 508 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 25,30% түздү.

​Талапкерлер шайлоочулардлын төмөнкүдөй добуштарды алышты:

1. Салихов Кеңеш Каримович - 3698 добуш (12,9 %);

2. Мадалиев Асылбек Алтымышович - 3658 добуш (12,8 %);

3. Кожонов Замирбек Ырысбаевич - 3614 добуш(12,6 %);

4. Ойтемиров Махмуд Гиесович - 1848 добуш(6,4 %);

5. Раимкулов Аширбай Омурзакович - 869 гдобуш (3,0 %);

6. Нишанбаев Тургунбай - 377 добуш (1,3 %);

7. Калпаев Бактыяр Алиевич - 11830 добуш(41,4 %);

8. Каработоев Джалил Исакович - 1180 добуш (4,1 %);

9. Сатаров Акимали Сатыбалдыевич - 725 добуш (2,5 %);

10. Шадыманов Бакытбек Адылбекович - 398 добуш (1,4 %);

11. “Баарына каршы” позициясы үчүн 110 шайлоочу добуш беришти (0,4 %).

SEREP MEDIA