Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагында тажик жарандары жүргүзгөн курулуш иштери токтотулду

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен Майский участогундагы аймакка тажик жарандары тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ошол эле убакытта аталган факты боюнча Тажикстандын Хожа-Алъо айылындагы чек ара башчысы менен «Көк-Таш» чек ара постунун башчысы сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле бул маселе боюнча Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчыларынын да сүйлөшүүсү орун алып курулуш иштери толугу менен токтотулган. Учурда аталган аймакта абал туруктуу. Эч кандай курулуш иштери жүргүзүлгөн жок», — деп айтылат маалыматта.