Баткенде 27 жаштагы жигит апрель айынан бери дайынсыз болуп жатат

Баткенде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барбаган 27 жаштагы Рашид уулу Руслан изделип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 29-апрель күнү 1995-жылы туулган Рашид уулу Руслан өзү жашаган үйдөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Белгилери: арык чырай, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 165-170 сантиметр, психикалык жактан жабыркабайт. Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Эгерде сүрөттөгү жигитти көрүп билгендер болсо, Баткен РИИБге кабарлап коюңуздарды суранабыз.
Байланыш номурлары 03622 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.