Баткенде Ворух-Исфара жолунун курулушуна каршы болгондор митингге чыгышты

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аялдары бүгүн Баткен облустук администрациясына митингге чыгышты. Митингчилер бийликтен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин бүтүрүүнү, аймактын жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышты. Митингден видеолор социалдык тармактарга жарыяланды.

Митингчилер кыргыз бийлигинен Капчыгай (Таңги) конушунун чыгыш тарабын айланып өтүүчү Ходжаи Аъло-Ворух жолунун курулушуна макул болбоону суранышты.

«Биз, аялдар, энелер, бийликке өз сөзүбүздү айтуу үчүн чыктык. Биз балдарыбыздын өмүрүнө коркунуч келтиргибиз келбейт. Биз балдарыбыз менен неберелерибиз тажик армиясынын бутасы болушун жана алардын балалыгы от астында калганын каалабайбыз. Мен Капчыгай айылында төрөлгөм. Буга чейин апам мени көтөрүп алып, тажиктердин огунан качып жүргөн. Азыр балдарым менен качып жүрөм. Балдарымдын тагдыры эмне болот?»,— деди митингдин катышуучусу.

Аялдар Ворух анклавына чейин жол бар экендигин, дагы бир жол ашыкча болуп каларын белгилешти.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Баткен районунун акими жана облус жетекчиси менен жолугушуудан кийин митингчилер тарап кетишкенин билдирди.