Баткенде чек арадагы чырдан улам алты айыл электр энергиясыз калды

Баткенде алты айыл электр энергиясыз калды. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынан маалымдашты.

«Бүгүн, 27-январь күнү кечинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал курчуганына байланыштуу Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан Орто-Боз аба чубалгысы үзүлдү. Бул кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды. Азыркы кырдаалга байланыштуу оңдоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Кырдаал турукташканда аба чубалгы оңдолуп,  ишкана үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр», — деп жазылат маалыматта.

Баткен облусунун башка аймактарында электр тармактары штаттык режимде иштөөдө, өчүрүүлөр катталган эмес.