Баткенде чек арадан жабыркаган аялдарга 3 миң медициналык топтомдор берилди (сүрөт)

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин талабы боюнча, Баткен облусунун медицина кызматкерлери, БУУнун Кыргызстандагы калк фонду облустагы чек арадан жабыркаган аялдар жана кыздар үчүн 3 миң медициналык топтомдорду берди.

«Биз чек арадан жабыркаган айылдардагы аялдар жана кыздардын репродуктивдик саламаттыкты сактоо боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү боюнча аракеттерди күчөтүп жатабыз. Өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта аялдардын жана кыздардын ден соолугун чыңдоо, психосоциалдык жардам көрсөтүү аркылуу гендердик зомбулуктуу алдын алуу министрликтин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда», — деди саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.

Топтомдордун ар бири репродуктивдик ден-соолуктун белгилүү бир муктаждыгына жооп берет жана белгилүү бир убакыттын ичинде белгилүү бир сандагы адамдарга кызмат кылууга ылайыкташтырылган шаймандарды камтыйт.