Баткенде ээси өлтүрүлүп, өрттөлгөн тоок фермага мамлекеттен акча бөлүнүп берилет

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына барды. Иш сапардын алкагында ал чек ара окуясында жабыркаган тоок фермасынан да кабар алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Облус башчысы жеке ишкерге тоок фермасын калыбына келтирүүдө жана ишкердикти өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоо болуп жаткандыгын айтты. Ак-Сай айылындагы жабыркаган тоок ферманын ээсинин «Айыл Банк» ААК тарабынан алынган 9 миллион 600 миң сом насыясы толугу менен жоюлду. Бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун көзөмөлүнө алынып, кайрадан калыбына келтирүүгө да мамлекет тарабынан кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди. Учурда бөлүнгөн акча каражаты ишкерге берилип, өндүрүштү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Ушул жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын кол салуусунан Ак-Сай айылында тоок ферма кармаган Матиса Надиров каза болгон. Тоок ферма толугу менен талкаланып, өрттөлгөн. Маркумдун жубайы жана балдары SuperTV каналына окуя тууралуу эскерип айтып беришкен.