Баткенде жалпы 30 үй колдонууга берилди

Баткенде дагы 11 жаңы үй бүттү, жалпы 30дан ашык турак жай колдонууга берилди. Үй ээлерине мамлекет тарабынан 100 миң сом акчалай түрүндөгү жаңы жылдык белек тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.