Баткенде жаңы жылдык балатынын чырагы жандырылды (видео)

Баткен шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылып, айланасы кооздолду. Балатынын бийиктиги 17 метр. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Буга чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Жаңы жыл майрамын жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча буйругу чыккан. Ага ылайык район-шаар борборлорунда балатылар орнотулуп, айлана-чөйрөнү жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Максат — облус тургундарына майрамдык маанай тартуулоо.