Баткенде жаш келин дайынсыз болуп, изделип жатат

Баткенде 2006-жылы туулган Шарипжан кызы Хадича дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай районуна караштуу Айрыбаз айылынын 31 жаштагы тургуну 1-сентябрь күнү саат 16:30 чамаларында Көн айылынан жубайы 2006-жылы туулган Шарипжан кызы Хадича белгисиз тарапка кетип, дайыны жок болуп жаткандыгын билдирген. Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, багыттамалар жер-жерлерге жөнөтүлүп, издөө иштери жүрүп жатат.

Дайынсыз болуп жаткан Шарипжан кызы Хадичанын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, (03655) 5-02-29 , 0776-85-10-10 номурларына чалсаңар болот.