Баткенде «Кайнене-келин» жарышында 15 кайнене, 15 келин ат салышты (сүрөт)

Баткен шаарындагы Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында бактылуу үй-бүлөнү чагылдырган «Кайнене-келин» жарышы болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Жарышта 15 кайнене, 15 келин ат салышты. Программанын алкагында катышуучулар буга чейин окуу үчүн жарыяланган «Мусулман үй-бүлө» китебинен тест тапшырып, он мүнөттүн ичинде кайнене-келин биргеликте салат жасап беришкен. Кеченин соңунда жеңүүчүлөргө, жалпы эле бардык катышуучуларга кызыктыруучу белектер жана казыят тарабынан ыраазычылык баракчалар тапшырылды.