Баткенде каза болгон үч аскердин сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 1-майда Баткендеги чек ара жаӊжалында каза тапкан үч аскердин сөөгү жерге берилди. Алар Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» тобунун аскерлери болушкан.

Алар:
— 28 жаштагы Нурсултан Манасбек уулу көп жылдан бери Чек ара кызматында эмгектенип келген. Ал атайын даярдыктагы «Бөрү» тобунун командири эле. Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткан. Анын сөөгү Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнүн Дейрес айылында жерге берилди.
— 29 жашта Эсентур Кубанычбеков Нарын районундагы Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин жетекчисинин орун басары эле. Ал Нарындан Баткен облусуна эки апта мурда кызмат өтөөгө барган. Анын сөөгү кичи мекени Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына жерге берилди.
— 29 жаштагы прапорщик Бекзат Юлдашев үй-бүлөлүү, үч баланын атасы болчу. Анын сөөгү Баткендин Исфана шаарына коюлганы белгилүү болду.