Баткенде курулуш материалдарын жана азык-түлүктөрдү насыяга берген ишкерлер нааразычылыгын билдиришти

Бүгүн, 11-майда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө курулуш компаниялары менен кызматташып, бирок акчасын ала албай калган баткендик ишкерлер келген. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алар курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө курулуш материалдарын жана азык-түлүктөрдү насыяга берип, акчасын ала албай жатканын айтышкан.

«Ишкерлер менен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жолукту. Бул маселе боюнча ишкерлердин арызы укук коргоо органдарына өткөрүп берилип, териштирүү иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.