Баткенде майыптыгы бар кызы менен күн кечирип келген 90 жаштагы энеге үй куруп беришти

Баткенде жетекчилердин биргелешкен аракети менен 90 жаштагы энеге үй курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

90 жаштагы Ташбүбү Абилова 54 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен туруктуу жашаган жайы жок айылдагы бош үйлөрдө баш калкалап келген.

Эненин жашоо шарты тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жарыяланып, жергиликтүү бийликке да маалым болгон. Эне баланын тагдыры боюнча маалымат алган президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев мындан эки ай мурда аларга турак жай курууну колго алган.

Алгач облус башчысынын тапшырмасына ылайык, апанын кызы Тажигүл Абиловага Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр айылынан турак жай салуу үчүн 10 сотых жер участогу бөлүнүп берилген. Облус башчысынын үй куруу демилгесин Баткен облустук мекеме ишканаларынын жетекчилери колдоп, ыктыярдуу салым кошушкан. Натыйжада 2 ай аралыгында үч бөлмөлүү заманбап, бардык шарты бар үй курулуп бүттү.