Баткенде өзүн Санабар деп тааныштырган аялдын жансыз денеси табылган. Милиция коомчулуктан жардам сурайт

Баткен шаарында аялдын жансыз денеси табылган. Милиция анын аты-жөнүн аныктоо үчүн коомчулукка кайрылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-январь күнү жаран Баткен ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө уюлдук телефон аркылуу чалып, Баткен шаарынын Турмаматов көчөсүндөгү үйдүн ичинде бейтааныш аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирген. Аталган факты ошол эле күнү Баткен ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

Өзгөчө белгилери: жашы 45-50 чамаларында, боюнун узундугу 155-165 сантиметр, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кыска жана психикалык жактан жабыркаган. Өзүн Санабар деп таныштырып жүргөн.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү узун куртка, кара шым, көк свитер.

Жогорудагы маркум аялдын аты-жөнү аныкталбай жана жакын туугандары табылбай жатканына байланыштуу, ал тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, Баткен ШИИБге төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз: (03622) 5-00-68, 0508 03 16 35.