Баткенде селдин кесепетинен жабыркаган айылдардагы жүргүзүлүп жаткан иштер текшерилди

16-июлда Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарынан сел кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эске салсак, 6-июль күнү катуу жааган жамгырдан улам Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында сел жүрүп, анын кесепетинен айыл тургундарынын үйлөрү, дыйканчылыгы, айылдардагы көпүрөлөр, ички жолдору жабыркап, жалпысынан 27 миллион сомго зыян келтирилген.

«Селден кийин ички жолдорду таштар жаап калган болсо, ал жолдор жана сел кирген жарандардын үйлөрү тазаланган. Аракеттер жакшы экенин баса белгиледи. Анан да облус башчысы селден турак-жайы жабыркаган 8 жаранды башка коопсуз аймакка тездик менен көчүрүүнү ӨКМдин Баткен району жана Баткен шаары башкармалыгына тапшырды«,- деп айтылат маалыматта.