Баткенде тажик күч түзүмдөрү чек арадан өтүп, 2 окуучуну күчкө салып кармап кетишкени айтылды

Кечээ, 23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылында 2 окуучуну Тажикстандын укук коргоо органдары кармап кетти. Бул тууралуу Turmush өз булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, айылдын күн батыш тарабында чек ара тилкесине жакын жерде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар чек арадан 5-10 метр аралыкка чейин кирип келип, 11-класста окуган 2 окуучуну күчкө салып, Тажикстандын аймагына алып кирип кетишкен. Тажикстандыктар окуучуларга кошо ак түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны кошо алып кетишкен.

Кечээ, 23-сентябрда эки өлкөнүн окуучуларынын арасында мушташ болгону да маалым болгон.